Балыкчыдагы “Абу Бакр” мечити оңдоп-түзөөдөн өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Абу Бакр” мечити толук капиталдык ремонттон өттү. Оңдоп-түзөөдө мечиттин сырты сары таш менен капталса, короосу брусчаткаланып, чатыры жаңыдан алмашылды.

“Мечит шаарыбызда алгачкы болуп салынган мечиттердин бири болуп, ремонтко муктаж эле. Ушул муктаждыкты чечүүгө бир азаматыбыз бел байлап, демөөрчүлүк кылып ремонттоп берди. Мына бүгүн ремонт иштери аягына чыгып отурат. Мечиттин жамааты да демөөрчү жигиттин кылган ишин баалап, ага ат мингизишти. А демөөрчү кайра жамааттан уруксат алып, берилген атты Балыкчы шаарындагы көптөгөн мечиттердин документ иштеринин бүтүшүнө жардам берип, чуркап жүргөн “Билал” мечитинин имамы Рысбек ажы Сагынбаевге тапшырды”, – деп билдирди Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов.

Баш имам-хатиб демөөрчүгө Ыраазычылык барак жана белектер берилгенин кошумчалады.