Чүйдө дин кызматкерлери эмдөөгө байланыштуу тегерек столго катышты

Чүй облусунда баш имам-хатибдер жана имамдар Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулган кызамык оорусуна каршы эмдөө маселеси боюнча тегерек столго катышты. Тегерек столдо имамдарга кызамык оорусу боюнча маалымат берилип, эпидемиялык абал өлкөдө жана дүйнө жүзүндө кездешери айтылды.

Чакан топтордо иштөө, маалымат таратуунун жолдору жөнүндө өткөн талкууда казы орун басары Саясат ажы Асанов буларга токтолду:

«Исламдын принциптерине жараша эмдөөнүн курамында арам болгон булганыч нерселер, мисалы чочконун кайсы бир бөлүгүнүн аралашуусу жана башка тыюу салынган заттар болбоого тийиш. Себеби, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (ﷺ) мынтип айткан: «Алла Таала дартты да, дабаны да жөнөткөн. Ар бир дарт үчүн дабаны да жөнөткөн. Ошондуктан, дарылангыла, бирок арам менен дарыланбагыла». Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан ишеничтүү натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу, ыймандуу дарыгерлер тарабынан эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, исламда эмдөөгө каршылык жок».