Нуридин ажы Мамасабиров Кулунду айылындагы мечит-медресенин курулушу менен таанышты

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана казынын орун басары Муса ажы Жолдошов Лейлек районунун Кулунду айылына жасаган иш сапарынын алкагында айылдагы курулушу жүрүп жаткан мечит-медресенин иштери менен таанышты. Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов курулуш менен тааныштырып, диний мекеме боюнча маалыматтарды берди.

«Алыскы чек ара аймагында мечит-медресенин курулганы өтө жакшы көрүнүш. Курулушка салым кошуп жаткан жеке ишкерлерге жана  бардык бир туугандарга ыраазычылык билдирем. Эми негизгиси ушул мечит ибадат менен абад болуп, медресебиз Мекенди сүйгөн илимдүү, ыймандуу жаштарды тарбиялаган окуу жай болушун тилек кылабыз», – деди облус казысы.

Белгилей кетсек, Лейлек районунун Кулунду айылында курулуп жаткан мечит жана медресе жеке ишкерлер тарабынан каржыланууда. Мечит 500 дөн ашуун кишиге ылайыкташса, ал эми медресе 400 орундуу болуп, келерки жылга ишке берүү пландалууда.