Түп: Кышка карата даярдыктар көрүлө баштады

Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев райондун жалпы имамдарына кезектеги жыйынын өткөрдү. Чогулушта имамдардын ишмердүүлүгү; КМДБ, казыят жана хатибияттын буйруктарынын аткарылышы тууралуу отчёт алынып, тапшырмалар берилди.

“Бул жолку чогулушубуз Түп айылындагы борбордук мечитте өттү. Жыйында имамдар тогуз ай ичинде аткарган иштери боюнча отчёт беришти. Буюрса алдыда мектеп окуучулары менен жолугуп, аларга экстремизмдин кесепеттери, адеп-ахлак жана билимдин мааниси туурасында семинарларды уюштурабыз. Ал эми имамдарга жалпы элге ысырапкерчилик, үй-бүлө баалуулуктары, улуттук нарк-насил, эл арасындагы ынтымакты бекемдөө, ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча сабак-баяндарды өткөрүү жөнүндө тапшырма бердик. Ошондой эле мечиттердин жылуулугун да карап, кышка даярдык көрүүнү айттык”, – деп билдирди Бакыт ажы.