Баткен казыяты заманбап компьютерлер менен камсыздалып, видеокөзөмөл орнотулду

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен казыят кызматкерлеринин ишмердигин жакшыртуу максатында мекеме 4  заманбап акыркы үлгүдөгү компьтерлер менен камсыздалып, казыят имаратына видеокөзөмөл камералары орнотулду.

Ошондой эле демөөрчүлөрдүн колдоосу жана  жарым-жартылай казыяттын эсебинен Баткен облусунун аймагындагы хатибияттар жана медреселерде интернет менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү. “Учурдун талабына жараша казыят, хатибият жана медреселерге заманбап шарттарды түзүү биздин ишмердигибизди жеңилдетип жакшыртат деп ишенем. Буйруса дагы да жогорку шарттарды жасоого аракет кылабыз. Биздин демилгебизди колдогондорго ыраазычылык билдирем. Аткарган жакшылыктарынын сообун Жараткан эселеп кайтарсын”, – деди облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров.