Сайдамир ажы Жейналиев: «Зордук-зомбулуктун алдын алуу жалпы коомчулуктун милдети»

Бүгүн, 28-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер минстирлигине караштуу милициянын генарал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында «Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуудагы мамлекеттик органдардын иш аракеттери» аттуу тегерек стол болуп өттү. Ага КР ИИМдин РОБдун Ош шаарындагы филиалынын башчысы Бакыт Акбаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, укук коргоо, мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан аткарылган иш аракеттер боюнча маалыматтар айтылды.

Тегерек столдо облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев исламда зомбулуктун арам экенине токтолду:

«Зордук зомбулук – бул Куран жана хадисте арам жана чоң күнөө деп баса белгиленет. Зордук-зомбулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо ички иштер кызматкерлеринин же социалдык педагогдодун же болбосо кайсы бир борборлордун гана эмес, жалпы коомчулуктун милдети. Анткени бул тема учурдун, коомдун, мамлекеттин, ошондой эле диндин да талабы».