Мухаммадияр кары Курбанбеков «Бадр» мечитинин жамаатына вакф боюнча маалымат берди

Кечээ, 29-снтябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков калаадагы «Бадр» мечитин зыярат кылды. Казы орун басары жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда вакф боюнча баян кылып, вакфтын мечитте же медреселерде калтырылган мүлк экенин, ал нерсени алып чыгууга болбошун жана ошол жерде калтырылышы керектигин айтты.

Аны менен катар мамлекеттик бүтүндүк жана “Улуттук нарктуулук” жөнүндө да айтылып, этностук биримдикке басым жасалды. Жалпы жамаатты биримдикте болууга чакырган казы орун басары коомдо болуп жаткан айрым терс көрүнүштөргө жол бербөөгө үндөдү.