Талас облусунда өспүрүмдөр аралык Куран жарышы болуп өттү

Талас облусундагы «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечитте 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп, анда жалпы 70 тен ашуун улан-кыз ат салышты.

Саамалыкка Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Чойбеков, Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана 2022-жылы Куран боюнча дүйнө чемпиону болгон Мухаммадали кары Умаров катышты.

Аталган конкурста уландар эки категорияда: соңку 1 парадан жана 5-10 парага чейин, ал эми кыздар 3 пара боюнча күч сынашты.

Жаш өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн Куран жарышта төмөнкүдөй сыйлыктар каралды:

1-орун – ноутбук;

2-орун – планшет;

3-орун – телефон;

4-10-орунга чейин кызыктыруучу белектер.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Чойбеков бул конкурс жылына бир жолу өткөрүп турарын убадалады.

Облус казысы конкурстун жыйынтыктоо бөлүгүндө Курандын артыкчылыктарын айтып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, келген конокторго жана демөөрчү Бакытбек Чойбековго ыраазычылык билдирди.