Самидин кары Атабаев: «Экстремизмдин исламга эч кандай тиешеси жок»

Кечээ, 2-октябрь күнү Талас облусунда «Өлкөнүн  келечеги биздин колубузда», «Кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аттуу форум болуп өттү. Алгач иш-чара жөө жүрүш менен башталып, К. Медетбеков атындагы драма театрында уланды.

Аталган иш-чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Кубаныч Абакиров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, укук коргоо кызматкерлери, облус тургундары катышты.

Алгач Талас ОИИБнин башчысы милициянын полковниги А. Козукеев сөз сүйлөп форумду ачса, Самидин кары Атабаев шарияттын максаттары жөнүндө лекция окуду.

«Экстремизм жана терроризим таптакыр башка нерсе. Булардын динибизге эч кандай байланышы жок. Өкүнүчтүүсү кээ бир тайпалар динди жамынып алып өздөрүнүн жаман максаттарын ишке ашырууда. Динибизде 6 нерсени сактоо зарыл болуп эсептелет. Алар: дин, жан, акыл, мал-мүлк, урпак жана ар-намыс. Буларды сактоо ар бир мусулманга милдет», – деди Азирети Муфтийдин биринчи орун басары.

Форумда Талас ОИИБи менен тыгыз байланышта болуп, коомдук коопсуздукту сактоодо жана диний экстремизмдин алдын алууда кошкон зор салымдары үчүн Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкерлери жана баш имам-хатибдер Ардак грамота менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн.