Ош облустук казыяты мээримдүүлүк үйүндөгү карыларга сый тамак уюштурду

Бүгүн, 3-октябрь күнү Ош облустук казыяты карылар күнүнө карата облус аймагындагы жана Ош шаарындагы мээримдүүлүк үйүндөгү карыя ата-энелерге, боорукердик үйүндө тарбяланып жаткан жаш жеткинчектерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө карата сый тамак уюштурду.

Аталган саамалыкка КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят жамааты, Ош ОИИБдин өкүлдөрү, ардагерлер кеңешинин жетекчилиги катышты.

Саамалыкты КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев расмий ачып, жетекчиликтин жана эмгек жамаатынын атынан куттуктоосун айтты.

«Ош облустук казыяты башка мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үлгү болорлук иш-чараны уюштуруп жатат. Бүгүн бир гана камкордукка алууда салттуу болуп калгандарды эле эмес, көзү азиздер коому, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бакчасындагы жеткинчектерди жана карылар үйүндөгү ардактуу аталарды, апаларды чакырып олтурат. Иш-чараны уюштурган Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажыга жана анын эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз».

Ал эми Жоробай ажы Шергазыев кайрымдуулуктун пазилетине токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. 

Облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев бул иш-чара Азирети Муфтий Замир кары Ракиев менен кеңешилип уюштурулуп жатканын белгилеп, аталган саамалык биринчи жолу эместигин, бул сыяктуу иш-чаралар өткөрүлүп келгендигин айтып төмөнкүлөргө токтолду:

«Ата-бабаларыбыздан «улууга урмат, кичүүгө ыззат» деп айтылган накыл кеп бар. Ага ылайык ушул кайрымдуулук саамалыгын уюштуруп жатабыз. Албетте бул иш-чарабыз алгачкы эмес, ушул сыяктуу кайрымдуулуктар казыятыбыз тарабынан байма-бай уюштурулуп келет».

Сый соңунда катышуучуларга арналган белектер тапшырылып, өлкөбүздүн кечечеги, тынчтыгы, өнүгүүсү суралып дуба кылынды.