Самидин кары Атабаев Талас облустук казыятын зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустук казыятты зыярат кылып, диний мекеменин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты.

Азирети Муфтийдин биринчи орун басары казыят тарабынан 10 ай ичинде аткарылган иштер тууралуу отчёттук маалымат алып, акыйданын маанилүүлүгү, илим-билимдин пазилети, динде аша чабуунун жана ысырапкорчулуктун кесепеттерин калайыкка тынымсыз жеткирүү, аялдар жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу, тийиштүү органдар менен биргеликте зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршы пландуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүү тапшырмасын берди.

Самидин кары зыяратынын соңунда Сулумбек ажы Узеналиев жетектеген казыяттын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, иштерине Жараткандан береке тиледи.