Түптүн баш имам-хатиби Сары-Дөбө айылынын 100 жылдыгына катышты

Түп районунун Сары-Дөбө айылында Баатыркан ажы Ногой уулунун 180 жылдыгы жана айылдын 100 жылдыгы белгиленди. Аталган иш-чарага КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, Түп райондук администрация башчысы Шергазы Мурзахмедов, Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, атайын чакырылган коноктор жана айыл тургундары катышты.

Иш-чара Сары-Дөбө айылын түптөгөн, Түп болуштугунун болушу, 1916-жылкы улуттук боштондук күрөштө кол башчы болгон Баатыркан ажынын рухуна Куран окуу менен башталды.

Андан соң ажы атанын тарыхта калтырган үлгүлүү жашоосу, Сары-Дөбө айылынын тарыхы тууралуу баяндамалар жасалып, алыс-жакындан келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

“Бул иш-чара Кыргыз Өкмөтүнүн 2023-жылдын апрель айындагы Баатыркан ажынын 180 жылдыгын белгилөө боюнча тескемесине ылайык өткөрүлүп жатат. Баатыркан ажы 1916-жылдагы көтөрүлүштү жетектеген жетекчилердин бири. Ал ошол көтөрүлүшкө чейин ажыга барып келген. Ислам динин бекем тутунган башчы болгон экен. Жараткан Алла Таала атабыздын бара турган жерин бейиш кылып, аркасында калган бизге, жаштарыбызга жашоосун үлгү кылып жашоону насип этсин”, – деди Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев.