Ош облусунда араб тили мугалимдерине педагогикалык билимдерин жакшыртуу семинары уюштурулду

Ош облустук казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан диний окуу жайлардагы араб тилинен сабак берген мугалимдерге карата педагогикалык жана методологиялык билимдерди жогорулатууга арналган окутуу семинары Ош облусунда болуп өттү.

Аталган семинарга Кыргызстан мусулмандарынын дин башармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана араб тили боюнча атайын адис, доктор Сайид Иззат катышты.

Окутуу семинарынын башында облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев илим алуунун пазилети жана илим алуучунун даражасы боюнча сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү атап өттү:

“Баарыңыздар өз окуучуңуздарга сабак берип, окуп эле жүргөн кадимки хадисти  сиздерге айтып берүүнү туура көрүр турам. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Ким илим жолуна түшкөн болсо, Алла аны бейиш жолуна багыттап коёт. Албетте периштелер илим алуучунун жасап жаткан ишине ыраазы болуп, канаттарын аяк астына төшөйт. Аалым кишиге жер-асмандагы жандуулар, кала берсе деңиз астындагы балыктар  истигфар (кечирим) тилешет. Чындыгында аалым кишинин башкаларга салыштырмалуу даражасы, он төрт күндүк ай менен башка жылдыздардай. Албетте аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору. Пайгамбарлар динар жана дирхамды мурас калтырган эмес, алар илимди мурас кылып калтырышкан. Ким илим алган болсо (пайгамбарлар мурасынан) өз үлүшүн толугу менен алыптыр” деди. Канча көп билсек да, билбегенибиз андан көп. Жараткан Алла Таалам илимибизди арттырып, пайдалуу кылсын. Жалпыңыздарга ийгилик каалайм”.

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков диний окуу жайлардын абалына, билим деңгээлине Аалымдар кеңеши кайдыгер эместигин айтып, семинарга катышуучуларга, уюштуруучуларга жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев семинар өз жемишин берип, жакшы натыйжалар болуп жаткандыгын белгилеп, бул семинарлар мындан ары да уланарын белгилеп өттү.

Аталган семинарга Ош облусундагы диний окуу жайлардан 29 мугалим катышып, билимдерин арттырып, сабак берүү ыкмаларын өздөштүрдү.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган семинар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ДОЖ мугалимдерине өткөрүлгөн.