Баткен облусунун казысы аксакалдар менен жолугуп, батасын алды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров улгайган жарандарга кам көрүү максатында узап бараткан Эл аралык карылар күнүнө карата Баткен районундагы дин тармагына салым кошкон  аксакалдар менен жолугушту.

Иш-чарага казыят кызматкерлери менен имамдар катышып, аксакалдар өз башынан өткөн окуялар туурасында баяндап берди. Облус казысы казыяттын атынан акчалай белектерди  тапшырып, аксакалдардын батасын алды.

“Карысы бардын ырысы бар” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Себеби, ак сакалдуу аталардын акылы туңгуюктан жол таап, келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды туура жолго тарбиялап келишкен. Андыктан көп жашап, көптү көргөн аксакалдарыбыз эл ичинде саналуу гана. Сиздерге Жараткан ден соолук, амандык берсин”, – деди Нуридин ажы Мамасабиров.