Баткенде ДОЖдордогу араб тили мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу семинары башталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Баткен облустук мусулмандарынын казыятында облус аймагындагы диний окуу жайлардагы араб тили мугалимдеринин квалификациялык билимин жогорулатуу максатында «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен 3 күндүк окутуу семинарын баштады.

Аталган семинарга Кыргызстан мусулмандарынын дин башармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, араб тили боюнча атайын адис, доктор Сайид Иззат катышты.

Окуу семинарын баштоо алдында Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Бүгүнкү семинарга жалпы медресе мугалимдери катышып жатасыздар, элибиздин “Билгенден билбегенибиз көп” деген накыл кеби бар. Анткени канча көп билсек да аз. “Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде: “Исламды жандандыруу максатында илим талабында жүргөн кишиге ажал жетип өлүм келсе, Бейиште аны менен пайгамбарлардын ортосунда бир эле даража айырма болот” деген. Андыктан канча көп билим алсак, ал ошончолук аз экен. Ушул кыска күндө өткөрүлгөн семинардан жакшы пайдаларды алууга аракет кылалы. Семинарды уюштурууга жардам бергендерге, колдоочуларга чоң ыраазычылык билдирем», – деди Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев семинар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүп жаткандыгын айтып, жыйынтыгы жакшы болуп жататкандыгын белгиледи. Диний окуу жайлардын мугалимдеринин билим деңгээлин көтөрүү окууларын этап-этабы менен уюштуруу мындан ары да уланарын айтты.

«Биз ушуну менен гана токтоп калбастан, келечекте башка да семинарларды уюштурабыз. Сабактарды терең окуп үйрөнөбүз. Жараткан алган илимибизди пайдалуу кылып, туура жолунан адаштырбасын», – деди Жоробай ажы Шергазыев.