Баткендеги ДОЖ мугалимдерине музей экскурсиясы уюштурулду

Бүгүн, 7-октябрь күнү Баткен облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдерине Баткен шаарындагы БатМУнун алдындагы «Айгүл-Тоо» жергиликтүү тарыхый-маданий музей комплексине экскурсия уюштурулду.

Экскурсиянын жүрүшүндө мугалимдерге Баткен чөлкөмүндөгү тарыхый маанилүү окуялар жана адамдар тагдыры чагылдырган уникалдуу экспонаттар тааныштырылды.

Мугалимдер бул экскурсия кызыктуу, пайдалуу, эң негизгиси маалыматтуу жана ошол эле учурда шыктандырган саякат болгонун кубануу менен айтышты. Саякат соңунда дин кызматкерлери музейди уюштуруучуларына, кызматкерлерге жана БатМУнун эмгек жамаатына ыраазычылыктарын билдирип, жакшы тилектерди тилешти.