Баткенде аялдар үчүн китеп сынак уюштурулуп, жалпы 200 айым катышты

Баткен шаарындагы «Муъаз ибн Жабал» медресесинин окутуучусу Кундуз Жалилова тарабынан Баткен шаары жана Баткен районунун аймагындагы айымдар үчүн “Эң бактылуу аял” китебинин негизинде сынак өткөрүлдү.

Иш-чарага Баткен облустук мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Сайдахмад ажы Аппазов катышып, “Эң бактылуу аял” китебинде аялзатына бул жашоодо гана эмес, акыретте да бакытка жетүүнүн жолдорун көрсөтөрүн белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сынак тест түрүндө өтүп, жалпы 200 дөн ашуун айым катышты.

Иш-чаранын максаты боюнча уюштуруучу Кундуз Жалилова төмөнкүлөргө токтолду:

“Китеп окуу адамдын аң-сезимин өстүрүп, жашоодогу ордун тапканга жардам берет. Ал эми китеп конкурс болсо, китеп окууга шыктандырып, адамдын китепкөй болушуна себепчи болот. Дал ошондой элдин кызматын кылайын, элибиз китеп окусун, айрыкча айымдар билимдүү болсун деген максатта демөөрчүлөрдүн колдоосу менен китеп сынак уюштурдук”, – дейт Кундуз Жалилова.

Сынак төмөнкүдөй жыйынтыкталды:

1-орун – Роза Атамырза кызы;

2-орун – Элиза Ысманжан кызы;

3-орун – Жазгүл Пулатова.

Жеңүүчүлөргө жана 10-орунга чейинкилерге баалуу белектер ыйгарылды.

Белгилей кетсек, конкурстун жалпы байге фонду 50 миң сомду түздү.