Мухаммадияр кары Амир-Темир кичи районунун тургундарына биримдик жана ынтымак боюнча баян айтты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков шаарда орун алган Амир-Темир кичи районундагы мечит жамааттарына биримдик жана ынтымак жөнүндө насаат айтты.

Ал өз баянында этностор аралык биримдик, ынтымак, тынчтыктын пазилети жана мыйзамдуулукту сактоо, шарияттык эрежелерге жана мамлекеттик мыйзамдарга баш ийүү, ошондой эле айлана-чөйрөнү таза сактоо боюнча токтолду.

Казы орун басары ушундай форматтагы жолугушуулар ай сайын уюштуруларын айтып, шаар ынтымагы жана өлкө биримдиги үчүн дуба кылды.