Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Астанада өтүп жаткан диний лидерлердин съездине катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев боордош Казакстан өлкөсүнүн борбору Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин ХХІ отурумуна катышып жатат.

Съездде боорукерлик, бир туугандык, жоопкерчилик сыяктуу принциптердин маанилүүлүгү, эл аралык коопсуздуктун жаңы системасы, бул жааттагы диний лидерлердин ролу жөнүндө талкуу өтүүдө.

Жолугушууда Азирети Муфтий бир катар мамлекеттердин диний өкүлдөрү менен баарлашып, жаңы максаттарга биргелешип аракеттенүүнүн артыкчылыктары боюнча пикир алышты.