Баткен казыятында район-шаарлардын имамдарына жыйын өтүп, тапшырмалар берилди

Баткен облустук мусулмандарынын казыятында казыят кызматкерлерине жана район-шаарлардын  баш имам-хатибдерине жыйын болуп өттү. Жыйында Баткен обусунда 2023-жылдын 3-7-октябрь күндөрү мечит-медреселерде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында белгиленген кемчиликтер боюнча ар бир район-шаарлардын баш имам-хатибдери менен талкуу болду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, сунний багыттындагы матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабын бекемдөө, калк менен (жаштар, аялдар) жүргүзүлгөн агартуу иштери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер каралды.

Жыйын соңунда казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер тарабынан сунуш-пикирлери айтылып, айрым кемчиликтерди жоюу механизмдери бекилди. Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров тийиштүү иш аракеттерди аткаруу боюнча тапшырмаларды берип, ага кайдыгер мамиле кылгандарга чара көрүлөрүн эскертти.