Ош шаарынын казысынын орун басары жаш жоокерлерге Мекенге кызмат кылуунун диндеги орду боюнча лекция окуду

Бүгүн, 11-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков шаардагы №2024 аскер бөлүгүнө жаңыдан аскер кызматын өтөөгө келген жоокерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Казы орун басары жаш жоокерлер менен жолугушууда Мекенди сүйүү, эл-жерди коргоонун пазилети, суициддин диндеги орду жана өкүмү боюнча лекция окуду.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Мекендин сүйүү ыймандан» деген. Силер Мекенге кызмат кылуу үчүн аттанып, өлкө тынчтыгын, бейпилдигин белгилүү бир мөөнөт ичинде болсо да коргойлу деп келген азаматсыңар. Ушул жерде отурганыңар патриот экениңердин далили. Алла Таалам Мекенибизге тынчтык, силердей азаматтарыбызга күч-кубат жана амандык берсин», — деди кары өз сөзүндө.

Мухаммадияр кары чек араны коргоочу кызматкерлерге ийгилик каалап, мамлекеттин тынчыгын тилеп дуба кылды.