Каракол шаарында муктаж окуучуларга жардам берилди

Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков Т. Сатылганов атындагы мектеп-интернатын зыярат кылды.

Баш имам-хатиб Каракол шаарында жайгашкан мектеп-интернатынын жатаканасында жатып окуган окуучулар менен жолугуп, аларга адеп-ахлак, жүрүм-турум, илим алуу боюнча баяндама жасап, муктаж окуучуларга акчалай жардам тапшырды. Мектеп- интернаттын директору Айзада Апазова баш имамга өз ыраазычылыгын айтып, кызматташууга дайыма даяр экенин билдирди .

“Бүгүн Т.Сатылганов атындагы мектептин жатаканасын зыярат кылып, ал жакта окуган окуучуларга насааттарыбызды айтып келдик. Ошону менен бирге окуучулардын арасында тоголок жетимдерге жана атасы же апасы жок жарым жетим балдарга акчалай жардам көрсөтүлдү. Жалпы 50 окуучуга 2000 сомдон берилди. Суук жакындап келе жаткандыгына байланыштуу алардан алдын ала сурамжылоодо кышкы бут кийимге муктаж экенин билдиришкен болчу. Учурдан пайдаланып демөөрчүлүк кылган бир тууганыбызга ыраазычылык билдирем. Жараткан Алла Таала кайрымдуу бир тууганыбыздын үй-бүлөсүнө ынтымак, мал-мүлкүнө береке, өзүнө бекем ден соолук берген болсун”, — деди Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант Сабриков.

Белгилей кетсек, аталган мектепте 208 окуучу жатып окуйт.