Акжол ажы Бакиров Өзгөн районунун администрация башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондун администрация башчысы-аким Каныбек Апбасов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну сүйлөштү.

Жолугушууда Акжол ажы Бакиров жакында дайындалган акимди кызмат орду менен куттуктап, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Аны менен катар райондогу диний абал боюнча маалымат берип, райондук деңгээлде пландуу түрдө иш-чараларды уюштуруу керектигин билдирди.

Жолугушуу соңунда райондук хатибият тарабынан Каныбек Апбасовго баалуу диний китептер белек кылынды.