Ош шаарында диний объектилердеги мамлекеттик тилдин нормаларына туура келбеген көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу мечиттердин кышка даярдыгы, өрт коопсуздугу, ошондой эле диний объектилердин ичи жана сыртындагы көрнөк-жарнактар текшерилип, мамлекеттик тилдин нормаларына туура келбеген жазуулар алынды.

Шаар казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков Амир-Темир кичи районундагы жолугушууларында мечиттердин сырткы көрнөк-жарнактары мамлекеттик тилдин нормаларына ылайык жазылышы керектигин имамдарга эскертип, бул жараян казыяттын көзөмөлүндө болорун айтты.

Жолугушууда имамдар бир аптанын ичинде кемчиликтерди жоюп, жыйынтыгы боюнча казыятка отчёт бериши талап кылынды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү айдын башында мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү жана  мэрия кызматкерлери менен биргеликте көрнөк-жарнактар боюнча текшерүү жүрүп, айрым мечиттерге эскертүүлөр берилген болчу.