Баткенде «Кайдыгер болбой, кайрымдуу бол!» акциясы өттү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшееванын демилгеси менен чек арада каза болгон жоокерлердин артында калган перзенттерине жана көп балалуу, жалгыз бой энелердин балдарына күзгү, кышкы жылуу кийимдер белекке берилди. Келген апаларга облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз ыраазычылыгын билдирип, перзент тарбиялоо жана сабырдуулуктун пазилети боюнча сөз кылды.

Иш-чаранын максаты — коомдогу биримдикти, ынтымакты камсыз кылуу жана биргелешип өсүп келе жаткан кичинекейлердин кичинекей муктаждыгын кичине болсо да чечүү. Мындай кадамдар менен бүтүндөй бир дүйнөнү өзгөртө албасак да, дүйнөдө бир адамдын оюн өзгөртүүгө өбөлгө түзүлөт. Учурдан пайдаланып, биздин демилгени колго алган аялдар жамаатына терең ыраазычылык билдирем», — деди Уулкан Дүйшеева.