“Исмаил ата” борбордук мечитинде РИИБ кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу уюштурулду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Исмаил ата” борбордук мечитте Кара-Суу РИИБнин кызматкерлери менен “Апиза эне” ислам институтунун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга “Апиза эне” ислам институтунун ректору Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын башчысы, милициянын майору Эсенбек Ашимов баштаган укук коргоо органдары, институттун мугалимдери жана студенттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кыргызстандагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын идеологиясына каршы алдын алуу” деген теманын негизинде лекция окулду. Лекция слайд менен коштолуп, Кара-Суу районунун РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору экстремизм жана КР территориясында тыюу салынган уюмдар тууралуу кеңири түшүнүк берди.

Ал эми жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалыматттарды, түшүнүктөрдү берип, жаштарды туура жолдо болууга жана илим алууга үндөп, келген конокторго, адистерге, иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Лекция соңунда студенттер суроо беришип, тиешелүү адистерден жоопторду алышты.