Араб тилчилерди окутуу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 16-октябрь күнү КМДБнын жыйындар залында Муфтият жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган диний окуу жайлардын араб тили мугалимдерине педагогикалык жана методологиялык билимдерди өркүндөтүү семинарын жыйынтыктоо программасы болуп өттү.

Жыйында Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев илимдин пазилети, диний илим алууда араб тилинин мааниси боюнча айтып, семинарга колдоо көрсөткөн «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна жана тренерлерге терең ыраазычылык билдирди.

Ал эми «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун жетекчиси, доктор Мухаммад Карим мындай саамалыкка шериктеш болуу жакшы нерсе экенин белгилеп, араб тилчилерге албан-албан ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, ДОЖдордогу араб тили мугалимдеринин педагогикалык жана методологиялык билимдерди өркүндөтүү семинары Бишкек шаары жана Чүй, Ош, Баткен облустарында өткөрүлүп, 36 сааттык семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.