Рысбек ажы Кокумов: «Мечиттердин тазалыгы имамдан көз каранды»

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата жана Талас районунун имамдарына жыйын өткөрдү. Жолугушуу казыят кеңсесинде өтүп, имамдар 3 ай аралыгында аткарган иштери тууралуу облус казысына маалымат беришти.

Облус казысынын тапшырмасы менен мечит жана медреселер боюнча адис Рысбек ажы Кокумов ар бир мечиттин тазалыгына жана өрт коопсуздугуна тиешелүү шаймандарынын бар же жок экендиги жеринен текшерилгенин айтып, кээ бир мечиттер талапка жооп бербегенине токтолду:

«Урматтуу имамдар! Биз баарыбыз мечиттерде тазалык тууралуу сүйлөйбүз, бирок кээ бир мечиттерде чынында тазалык талаптагыдай каралбай калган. Бул имамдан көз каранды. Ар бириңиздердин мечиттеринде жеринде жолугуп, эмне кылуу керектигин сүйлөшкөнбүз. Берилген тапшырмаларды убагында ишке ашыруу сиздердин милдет», — деди.

Ал эми Сулумбек ажы жакын арада мекемелер аралык комиссия облус аймагындагы диний объектилерди жапырт текшерерин, ага жогорку деңгээлде даяр болуу зарылдыгын айтып, ажылык боюнча да учкай тапшырма берди.

«Мечиттердин каттоосу жана өрт коопсуздугу, тазалыгы боюнча тескөөчү комиссия жакында бизге да келгени жатат. Тез арада кемчиликтерди толукташыбыз керек. Буйруса жакында ажылык башталышы күтүлүүдө. Быйыл да былтыркыдай эле жандуу кезек болот, буюрса. Ким биринчи акчасын төксө, ажыга ошол барат. Ажылыкка барам дегендерге толук маалымат жеткириңиздер. Болочок ажылар каражаттарын дайындай беришсе. Анткени биздин облуста ажылыкка барчулар аз болуп келет», — деди ал.