Баткенде «Улуулардын насааты» аттуу жолугушуу болуп өттү

Баткен шаарындагы «Муьаз ибн Жабал» атындагы  медреседе мугалимдердин жана студенттердин катышуусунда «Улуулардын насааты» аттуу жолугушуу болуп, ага Баткен районунун аймагында бир топ жыл дин жаатында кызмат кылган, учурда эс алуудагы ардагер дин кызматкери, молдо Кабыл Атабаев катышты. 

Иш-чараны медресе мүдүрү Султанмурат Исираев ачып, коомдо карыялардын ордунун маанилүүлүгүнө токтолуп, жаштарга кыргыз элинде айтылган “Карынын кебин капка сал” макалына амал кылуу жашоодо пайдалуу экенин белгилеп, бул ийгиликке ачкыч болорун айтты. 

Ал эми дин кызматкери молдо Кабыл Атабаев студенттерге илим алуу тууралуу айтып, аларды терең билим алууга үгүттөдү. 

“Азыр билим алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Алланын элчиси (с.а.в.) мындай деген: «Илимди талап кылуу ар бир мусулманга парз. Чындыгында илим талап кылуучуга бардык нерсе, жадагалса деңиздеги балык дагы истигфар айтат (ал үчүн кечирим сурайт). Ошондуктан билим алуу жана адеп-ахлакка маани берүү, алган билимдерине амал кылуу менен башкаларга жеткирүү негизги милдетибиз”, — деди молдо Кабыл Атабаев . 

Жолугушуунун жүрүшүндө медресе жетекчилиги дин жолунда чач-сакалы агарган аксакалдарга ыраазычылык билдирип, алардын өрнөктүү өмүр жолун эске салды.

«Сиздердин насаатыңыздар, кеп-кеңешиңиздер биз үчүн маанилүү. Ар бириңиздер динибиздин өнүгүшүнө өмүрүңүздөрдү арнап, бүгүн төрүбүздө ардактуу карыя болдуңуздар. Бизге дайыма жол көрсөтүп, ак батаңыздарды бериңиздер. Сиздерге ыраазычылык билдиребиз», — деди медресе мүдүрү Султанмурат Исираев.