“Муъаз ибн Жабал” атындагы медреседе “Тилим менин сыймыгым” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Баткен шаарындагы Муъаз ибн Жабал атындагы медресинин кыздар бөлүмү тарабынан мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагында “Тилим менин сыймыгым” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара медресе студентеринин эне тилге болгон мамилесин жакшыртуу жана кыргыз тилди өнүктүрүүгө салым кошуу максатында өткөрүлүп, мында ырлар көркөм окулуп, сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

Ал эми мугалимдер тарабынан кыргыз тили тууралуу бир катар маалыматтар айтылды.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) өз хадисинде “Мекенди сүйүү ыймандан” деген. Албетте мусулман болгонубуздан кийин Мекенибизди сүйүүбүз керек. Мекенди сүйүү сөз менен эмес, иш жүзүндө ошол мекендин тилин сүйүү. Аны өнүктүрүү бизден милдет. Буйруса тилибиздин өнүгүүсүнө арналган иш-чаралар уланат”, — дейт уюштуруучулар.