Азирети Муфтий баштаган аалымдар Палестинада курман болгондорго дуба кылды

Бүгүн, 18-октябрь күнү «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жетектеген муфтият жамааты, Абдиманап кары Масалиев баштаган Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган дин аалымдары Палестинада курман болгон мусулмандардын рухуна багыштап көптөгөн Куран хатмдарын түшүрүп, оор сыноого кабылган  палестиндиктер үчүн дуба кылды. Ошону менен бирге эле дүйнөнүн ар тарабында сел, жер титирөө сыяктуу табият кырсыктарынан жабыркаган мусулмандарга да Алла Тааладан жардам сурады.

Азирети Муфтий ушундай кезеңде Аллага жалбарып зикир кылуу керектигин,  момун-мусулмандардын бири-бирине дуба кылуусу өтө зарыл экенин, тынчтык нээматынын маанисин айтып, Жараткандан жалпы үммөттүн амандыгын жана биримдигин тиледи.