Сайдамир ажы Жейналиев “Зомбулукка каршы” аталышындагы алдын алуу иш-чарасына катышып, лекция окуду

Кечээ, 18-октябрь күнү Кара-Суу районунда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан “Зомбулукка каршы” аталышында алдын алуу иш-чарасы болуп, ага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Айжан Куланова, облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу РИИБдин башчысынын орун басары Дамир Айникеев, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, жооптуу имамдар, мектеп жетекчилери жана атайын адистер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу” боюнча сөз болуп, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин аткарылган алгылыктуу иштер айтылды. Ал эми облус казысы Сайдамир ажы зомбулуктун ислам шариятындагы ордун баяндап, учурдагы көйгөйлүү маселеге токтолду:

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн куттуу хадисинде: “Силердин эң жакшыңар үй-бүлөсүнө жакшы болгонуңар” — деп айткан. Демек Кудай Таалага жагууну каалаган пенде эң алгач үй-бүлөсүнө жана жакындарына жакшы мамиледе болуусу керек экен. Биз диний адам болгондуктан, көпчүлүк бизге кайрылат. Алардын арасында көп кездешкени үй-бүлүлөк, тагыраагы талак маселелери. Албетте негизсиз талак да зордук-зомбулуктун бир түрү. Андыктан жаштарга бул боюнча көп-көп түшүндүрүп, айтып жеткирүүбүз зарыл. Анткени кайрылгандардын көпчүлүгү жаш жубайлар болууда”.