Өзгөн шаарында аксакалдар менен дин кызматкерлеринин жолугушуусу өттү

Ош облусунун Өзгөн районун Өзгөн шаарындагы жашы улуу аталар менен жыйын болуп, ага Өзгөн районунун баш имам-хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу, Өзгөн шаарынын жооптуу имамы Мухамматаюб Хоринов жана шаар аксакалдары катышты.

Жыйында «ысырапкерчиликтин алдын алуу» жана «балдарга жакшы тарбия берүү» боюнча сөз болуп, кеп-кеңештер айтылды. Райондун баш имам-хатибинин орун басары Жусупбек ажы Арстанбек уулу сөз сүйлөп, балдардын тарбиясы солгундап баратканын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Урматтуу аксакалдар! Азыркы учурда балдарыбыз телефон менен алек болуп, мектеп сабактарынан алыстап баратканы жана каракчылык, тоноо жана башка терс  жолдорго кирип кетип жатканы өкүндүрөт. Жаштар биздин келечегибиз, андыктан балдарыбызды жакшы жакка тарбиялообуз зарыл. Анткени келечек алардын колунда».

Аны менен биргеликте шаардагы бир канча көйгөйлүү маселелер да каралып, көйгөйлөрдү чечүүдө дин кызматкерлеринин жана шаардагы аксакал тургундарынын ролу талкууланды.