Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга аттанган 87 жаран эмдөөдөн өтүштү

Muftiyat.kg/ 22-июнь/ Кечээ, 21-июнь күнү Каракол шаардык эмдөө борборунда ажылык сапарга бара турган зыяратчылар толугу менен эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө учурунда алгач жарандар медициналык текшерүүдөн өтүшүп, андан сон эмдөө  жүргүзүлдү.

«Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 87 жаран катталып, алардын бардыгы толугу менен  эмдөөдөн өтүштү. Ошондой эле болочок ажыларды жетектеп  баруучу ажы башчылар дагы атайын медициналык кароодон өтүштү»,-деди  Ысык-Көл облусу боюнча  ажыларды каттоо адиси Жунус Дюшеков.