Түп районунун баш имам хатиби Ичке-Суу айылындагы жаңы курулуп жаткан мечиттен кабар алды

Muftiyat.kg/ 22-июнь/ Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев хатибият жамааты менен биргеликте  Ичке-Суу айылындагы жаңы курулуп  жаткан мечиттен  кабар алды.  Ошондой эле Түп районунун баш имам хатиби ушул эле күнү Ичке-Суу айылынын эли менен жолугуп, кошунанын акысы, биримдик менен ынтымактын артыкчылыгы жана кайрымдуулук туурасында баяндама жасап, айылдагы курулуп жаткан жаңы мечит элдин ыйманы менен адеп-ахлагын жогорулата тургантыгына өзүнүн салымын кошот деген пикирин билдирди.

«Мечиттин айрым майда курулуш иштерин эске албаганда  толугу менен аяктап,  күз айларында ачылыш аземи болот деп пландап жатабыз»,-деди райхатиб Бакыт ажы Кайкиев.