Агартуу кербени: Азирети Муфтий баштаган аалымдар Ош шаарында үй-бүлө баалуулуктары жөнүндө лекция окуду

Бүгүн, 21-октябрь күнү Ош шаарындагы Ош улуттук драм театрында кыз-келиндерге багытталган “Бекем үй-бүлө – бекем Мамлекет” аттуу жолугушуу уюштурулду. Жолугушууда Азирети Муфтий Замир кары Ракиев коомдо жана үй-бүлөдө аялзатынын ордуна кеңири токтолуп, “исламда аялзат” темасынын алкагында лекция окуду.

“Динибиз аялдар басмырланган доордо аялзатынын баркын абдан көтөргөн. Аны эч ким тана албайт. Ошол эле учурда көптөгөн асылзаттар динге кызмат кылган. Бул жөнүндө сөз болгондо эсибизге эң алгач Хадижа энебиз түшөт. Ал ушунчалык даңктуу аялзаты дейсиз, бар дөөлөтүн, болгон байлыгын ислам жолунда сарп кылган улуу айым. Кезегинде Меккедеги эң бай, эң сулуу, эң тектүү жашоочулардын бири болгон Азирети Хадижа энебиз дүйнөдөн өткөндө кепинине ылайык гана бөз калган. Ошол кепини да башына тартса бутуна, бутуна тартса башына жеткен эмес”.

Азирети Муфтий лекциясынын алкагында исламга ак кызмат кылган аруу заттар, улуу айымдар, аалымдарды тарбиялаган легендарлуу энелер жөнүндө сөз кылып, улуттук нарк-насил менен шарияттын айкалышын, ата-неге кызмат кылып бата алуунун пазилетин айтып, мунун баары динде жолго коюлганын баса белгиледи. Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору, белгилүү дин аалымы Абдишүкүр ажы Нарматов илим алуу аялга да, эркекке да парз экенин айтып, ислам жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча кеңири баян айтса, КИУнун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммед ажы Ташматов ислам жана бактылуулук жөнүндө сөз кылды.