Агартуу кербени: Азирети Муфтий «Алай» мечитинин жамааты менен жолугушуп, ынтымак жөнүндө насаат айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында «Имам аль-Бухарий–Алай» мечитинин жамааты менен жолугушту.

Замир кары Ракиев мечит жамааты менен жолугушууда «момундар – бир тууган», «ырыс алды ынтымак» жана колдо бар нээматтын кадырын билүү боюнча насаат айтты.

«Эгер акыл калчап, ой жүгүртө турган болсок, колубузда Алла Таала берген көптөгөн нээматтар бар. Андыктан «колдо бар алтындын баркы жок» кылбай, Улуу Жараткандын нээмат-жакшылыктарына кыянаттык жасабай, жоопкерчилик менен мамиле жасаган жакшы. Шариятыбыз ушуну үйрөтөт», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.