Азирети Муфтий Ош шаарында дин аалымдары жана калаа аксакалдары менен пикир алышты

Бүгүн, 21-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы ардактуу дин ардагерлери жана кадырлуу аксакалдар менен жолугушту.

«Имам аль-Бухарий–Алай» мечитинде өткөн жыйналышта Азирети Муфтий эркиндиктин баа-баркы, тынчтык жана мамлекеттүүлүк нээматын кастарлоо, исламдагы жоопкерчилик, чагым жана фитнадан абай болуу боюнча сүйлөп, жыйын катышуучуларынын кеп-кеңеш, сунуш-пикирин укту.

Жыйында кудай ыроологон эркиндик жана эгемендик дөөлөтүнө кам көрүү, жоопкерчиликтүү болуу, этностор аралык ынтымак, жаштарга аксакалдык акыл-насаат айтуу чечимдери кабыл алынды. Ошондой эле Палестинада шейит кеткен мусулман бир туугандарга Куран окулуп, сообу рухтарына багышталды. Аны менен бирге эле заалымдарга наалат айтылып, өлкө жана дүйнө тынчтыгы Жараткандан тиленип, дуба кылынды.

Белгилей кетсек, аталган жыйынга Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, КР ДИМК ТАБ өкүлү Ибрахим Жумабай уулу, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Жалал-Абад облусунун казысы Ниматулла ажы Жээнбеков, Ош шаарынын казысы Мирлан ажы Токтомушов, казыят кызматкерлери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.