«Имам Бухарий» ислам институтунда диний окуу жайлар аралык спорттук мелдеш өтүп, ага Самидин кары Атабаев катышты

Бүгүн, 21-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда жайгашкан «Имам аль-Бухарий» атындагы ислам институту тарабынан облустагы диний окуу жайлар аралык спорттук мелдеш уюштурулду. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, КР ДИМК ТАБ башчысы Фуркатбек Адилбек уулу, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров катышты.

Облустагы ДОЖ студенттери футбол, воллейбол жана стол тенниси боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Спорттук иш-чараны жыйынтыктоо жана сыйлоо аземинде Азирети Муфтийдин биринчи орун басары дени сактык жана ынтымак жөнүндө сөз кылып, буларга токтолду:

«Динибиз ден соолукка кам көрүүнү буйруйт эмеспи. Ислам үммөтү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорунан бери жаа атуу, күрөш, ат жалында ойноо сыяктуу спортко түздөн-түз байланышкан пайдалуу көндүмдөр менен алек болушкан. Мунун түпкүрүндө ден соолукту чыңдоо; ибадатты жана күндөлүк иштерди кубаттуу эрк менен аткаруу; Мекенди, элди жана динди коргоого даяр болуу сыяктуу асыл хикмат-сырлар бар. Сиздерге да маалым болгондой, «күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак» экени хадис-и шарифте айтылган. Андыктан жашоодо да, окууда да, диний ибадаттарды аткарууда да күчтүү болуңуздар».

Ал эми баш имам-хатиб спорт тынчтыктын жана ден соолуктун жарчысы экенин айтып, медресе студенттерине ийгиликтерди кааласа, институт ректору Абдирахман кары Атабаев илим алуу жараянынын жүрүшүндө ушундай саамалыктардын уюштурулушу талабаларды окууга жана ынтымакка шыктандырарын белгиледи.