Алибек ажы Жусупов Ош облусундагы мечиттерди зыярат кылып, кышка даярдыгын көзөмөлдөн өткөрдү

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондоруна иш сапары менен барып, мечиттердин кышка даярдыгын, өрт коопсуздугун жана документтерин текшерди.

Казы орун басары иш сапарларынын алкагында эсептик каттоодон өтпөй турган диний объектилер менен жеринде таанышып, жергиликтүү жамааттар менен кеңешип, мечиттерди тез арада документтештирүүгө үндөдү.

«Биз беш районго барып, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, хатибият кызматкерлери менен кошо мамлекеттик эсептик каттоодон такыр өтпөгөн мечиттер менен тааныштык. Такыр каттоодон өтпөгөн мечиттердин 50 пайызынын каттоодон өткөрүү жолдорун издеп таап чыктык. Буюрса, мечиттерибизди документтештирүү иштери кыйла алдыга жылат», — деп билдирди ал.

Казы орун басары жолугушууларында кыш келе жатканын, суук мезгилде ибадатка мыктылап шарт түзүү керектигин, мечиттерди жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо зарылдыгын белгилеп, имамдарга кышка даяр болууну эскертти.