Таласта имам-хатибдердин кезектеги кварталдык жыйыны өткөрүлдү

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Ч. Айтматов жана Манас райондорунун имам-хатибдери менен жолугушту. Жолугушууда имамдар үч ай аралыгында аткарган иштери боюнча отчёттук маалымат беришти.

Жыйын жүрүшүндө мечит, медреселердин документтерин, тазалыгын жана өрт коопсуздугун жөнгө салуу маселеси каралды.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев 2024-жылдагы ажылыкка даярдыктар башталуу алдында тургандыгын айтып, имам-хатибдер ажылыкка барчуларга маалыматтарды туура, так түшүндүрүү керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле алдыдагы мекемелер аралык комиссиясынын диний объектилерди текшерүүлөрүнө даяр болууларын эскертти.