Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районунун акими менен жолугушуп, райондогу диний кырдаалды талкуулады

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районуна жасаган иш сапарынын алкагында райондун адиминистрация башчысы-акими Жакыпбек Субагожоев жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси Нурланбек Кочкорбаев менен жолугушту.

Жолугушууда райондогу диний кырдаал жана Президенттин № 54 жарлыгы талкууланды.

Алибек ажы Жусупов ысырапкерчиликке каршы Муфтият, казыят жана хатибияттар үзгүлтүксүз иш алып барганын, бул жаатта кыйла жылыш болгонун белгилесе, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондогу диний кырдаалга токтолуп, диндеги аша чабуу жана исламды колдонуунун кесепети жөнүндө айтып, хатибият салттуу ислам принциптерин жайылтуу жана бекемдөөнүн үстүндө кызуу иш алып барып жатканын билдирди.   

Жолугушуу соңунда тараптар этностор аралык биримдик, коомдук стабилдүүлүк, тынчтык, биримдик, эркиндик жөнүндө пикир алышып, бул баалуулуктарды сактоо боюнча мындан ары да тыгыз иш алып барууга жана биргелешип аракеттенүүгө токтолушту.