Чүй облустук казыятында баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди

Чүй облусунун  мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков облустун баш имам-хатибдерине жыйын өткөрүп, бир катар маселелерге токтолду:

— Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар;

— «Улуттук нарк» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин №157 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча аткарылган иштер;

— Эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттердин каттоосун тездетүү;

— Мечиттердин тазалыгына көңүл буруу;

— Мечиттерди кышка даярдоо;

— Чүй облустук мусулмандарынын казыятынын 2023-жылга карата иш-чаралар  планынын негизинде, имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү боюнча уюштурулган семинарлар.

Баш имам-хатибдердин отчётун угууда облус казысы төмөнкүлөргө токтолду:

«Пайгамбарыбыз куттуу хадисинде белгилегендей, адам баласы дүйнөдөн кайткан соң, анын артынан кылынган дубалардын сооптору жетип турат. Ошондуктан биз маркумду узатып, анын артынан дуба кылууну унутпашыбыз керек. Аллах Таала эл көрсүн же куру намыс үчүн кылынган амалды кабыл кылбайт. Президентибиздин жарлыктары боюнча жума кутпаларында, жакшылык-жамандыкта элге айтып жеткирип туруу зарыл. Мечиттердин тазалыгын жана кышка даярдыктарын көзөмөлдөп туруңуздар», — деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.