Алибек ажы Жусупов Ноокат имамдарына жыйын өтүп, кышка камылга көрүү боюнча тапшырма берди

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана казыяттын мечиттер жана үгүт-насаат адиси Абдималик ажы Турсунбеков Ноокат районуна жасаган иш сапарынын алкагында Ноокат районунун имамдарына жыйын өткөрүштү.

Жыйында элге тынчтыкты сактоо, сабырдуу болуу, дуба кылуу жөнүндө айтып, ысырапкорчулуктун бардык түрүнө жол бербөөнү үзгүлтүксүз насаат кылуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле ибадаттарды аткарууга бардык шарттарды түзүү керектиги белгиленип, мечиттердеги тазалыкты сактоо, кышка даярдык көрүү айтылды.

«Урматтуу имамдар! Алдыда кыш мезгили келе жатат. Кыш күндөрү  айыл жергесинде иш кыйла аз болгондуктан, эл мечитке келип намаз окуп, Куран үйрөнүүгө аракет кылат. Дал ушул себептүү  мечитте шарттарды түзөлү. Тазалыктар талапка жооп берсин. Жылуулук системасы жана ысык суу менен камсыздоого аракет кылыңыздар», — деп билдирди казы орун басары.

Ал эми Абдималик ажы Турсунбеков динде чектен чыгуунун өкүмүн жана далилдерин айтып, ал боюнча калайыкка кеңири жеткирүү зарылдыгына токтолду.