Араванда дин кызматкерлери «Биринчи жардам» аталышындагы сабакка катышты

Ош облусунун Араван районундагы мечит имамдары жана медресе мугалимдеринин катышуусунда «Кыргызстан Кызыл Ай Коому» менен биргеликте Араван райондук хатибияты тарабынан эки күндүк “Биринчи жардам” аталышында сабак уюштурулду.

Аталган сабак ар кандай учурларда ар бир жаран алгачкы жардамды көрсөтө алышы керектигин эске алып, диний кызматкерлер үчүн уюштурулду.

Ден соолукка байланышкан сабактардын тез-тез уюштурулуп турушу зарыл экенин айткан райондун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков төмөнкүлөргө токтолду:

“Биз, диний кызматкерлер, коопсуздук жана биринчи жардамды мыкты билишибиз керек. Себеби ар дайым эл көп топтолгон жерлерде жүрөбүз. Ошондой эл мусулман киши ден соолукка байланышкан билимдерди өздөштүргөнү максатка ылайык. Анткени Куранда бир кишинин өмүрүнүн сактап калуу — бүтүндөй адамзатты сактаганга тете сооп берилери айтылган”.