Талас облусунун казысы Боо-Терек айылынын имамына умрага жолдомо тапшырды

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылына иш сапары менен барып, тургундар менен жолугушту.

Жолугушууда элди ынтымакка жана биримдикке чакырган облус казысы айыл имамы Жайлообек Жумакеевге, элге кылган кызматы үчүн айылдын жеке ишкерлери жана жалпы элдин атынан Умра сапарына жолдомо тапшырды.

«Эл тарабынан имамдарыбыздын эмгеги бааланып, колдоого алынууда. Бул жакшы көрүнүш. Себеби, имамдарыбыз айлыгы жок, эл үчүн күн-түн дебей эмгектенип жатышат. Сиздердин бул колдооңуздар имамдарга дагы да жакшы кызмат кылууга дем-күч берет», — деп жалпы жамаатка жана жеке ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди ал.

Жолугушуунун соңунда Сулумбек ажы Палестина өлкөсү үчүн дуба кылды.