Ош облустук казыяттын кызматкерлери Кара-Кулжада калайык менен жолугушуп, үгүт-насаат айтышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, казыяттын мечиттер жана үгүт-насаат адиси Абдималик ажы Турсунбеков жана мекеменин бухгалтери Сулейман ажы Шерматовдон турган үгүт-насаат кербени Кара-Кулжа районунда эл менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда ынтымак, биримдик, адеп-ахлак, динде ибадаттардын мааниси, ысырапкорчулук жана аша чабуунун кесепеттери жөнүндө сөз кылынды.  

«Жетекчиликтин тапшырмасы менен облусубузда эл менен жолугушууларды өткөрүүдөбүз. Элибизге ысыраптын кесепетин, тынчтыктын жана ынтымактын маанисин айтуудабыз. Ошондой эле айылдардагы мечиттердин абалын тескеп, документин көзөмөлдөп, шарттарын текшерип жатабыз».

Казы орун басарынын билдиришинче, иш сапардын жүрүшүндө Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл өкмөтүнө караштуу Алтын-Күрөк айылында жер көчкү коркунучу себептүү эсептик каттоодон өтпөй келген мечиттин жамааты менен да жолугушуу өткөрүлгөн. Мечит жамаатына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кооптуу жердеги мечитти көчүрүү чечими кабыл алынган.