Кара-Суу районунун имамдарына жыйын өткөрүлүп, бир катар милдеттенмелер жүктөлдү

Бүгүн, 23-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин тапшырмасына ылайык, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Суу районунун имамдарына жыйын өттү. Ага КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүм башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, РИИБдин ЭММКАКнын жетекчилиги, УКМКдан жана райондук акимчиликтен өкүлдөр катышты.

Жыйын Куран окуу менен башталып, кылынган Куран хатмдар жер жүзүнөн өткөн жалпы мусулмандарга жана Палестинада курман болондорго багышталып, дуба кылынды.

Жыйындын жүрүшүндө “ысырапкерчиликтин, зордук-зомбулук жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу” боюнча сөз болуп, бир катар тапшырмалар берилди.

Облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев имамдарды жигердүү иштөөгө чакырып, милдеттерин так аткарууга чакырды:

“Баарыңыздарга маалым болгондой, өлкөбүздүн аймагында 21 туура эмес диний уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Ар бир дин кызматкери аталган уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы туруусу керек жана аны милдет деп билүүсү зарыл. Айрыкча мечитте, жамаатка келген элдерге салттуу исламды толук жеткирүү керек. Айрым дин кызматкерлери сөзү башка, өзү башка болуп зээнди кейитет. Сүйлөгөндө салттуу исламды айтып, иш-аракетте башка багытты кармангандар бар. Бул Кудай астында сөзсүз суралуучу нерсе. Пайгамбарыбыз (с.а.в) куттуу хадисинде “ар бириңер кол астыңардагыларга жооп бересиңер!” деп айткан. Имам өзүнүн жамаатынын ишмердүүлүгүнө, алардын диний багытына жоопкер”.

Ошондой эле дин эркиндигин туура пайдалануу, имамдардын жеке жоопкерчилигине көңүл буруу, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана 2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын артыкчылыктуу багыттарын атаган КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүм башчысы Фурхатбек Адилбек уулу төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Имам бир мечитке расмий дайындалгандан кийин ал мыйзамдуу деп табылып, мечитке байланышкан бардык меселелерге жоопкер болот. Айрым учурларда имамдар өз минбарын таштап, мечитке барбай же чет өлкөлөргө чыгып кеткен учурлар байкалууда. Ушул учурдан пайдаланып анын ордуна теги такталбаган кимдир бирөө имамдык кылып, ал элдин багытын буруп коюуда. Андыктан жалпы имамдарга кайрыларым, сапарга чыксаңыз же кандайдыр иштер себептүү мечитке келбей калсаңыз тиешелүү тараптан уруксат алыңыздар. Аны менен катар экстремизм жана терроризмдин алдын алууда дин кызматкерлердин ролу чоң. Сиздердин ар бир айткан сөзүңүздөр өтүмдүү жана эл көп чогулган жерлерде жүрөсүздөр. Ар дайым үгүт-насаат айканыңыздарда экстремизм боюнча да сөзсүз сөз кылыңыздар”.