Кыргызстанда 24 саат бою Куран окула баштады

Бүгүн, 8-ноябрь күнү Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы Борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгынын ачылыш аземи өттү. Куран саамалыгын Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өзү ачып, кереметтүү Курандын алгачкы парасын окуу менен «24 саат хатм» демилгесине старт берди.

«Бүгүн 160 жылдык тарыхы бар тарыхый мечитте тарыхый иш-чара баштап олтурабыз. Ушул жерде 24 саат бою Куран окулат. Алла Таалам баштаган ишибизге береке берип, мечитибизде үзгүлтүксүз Куран хатм кылуу кылымдар бою улана берсин», – деп билдирди ал.

Азирети Муфтий 7/24 саат Куран окуу саамалыгы алдыда Жалал-Абадда да уюштурууларын айтты.

Өлкөбүздө биринчи жолу уюштурула баштаган саамалыкта Куранды толук жаттаган карылар кезектешип 2-3 сааттан Куран окуйт.

Белгилей кетсек, саамалыкка Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган казыят аппараты, имам-хатибдер жана карылар катышты.