Меккедеги штаб кызматкерлери вакф жетекчилери менен жолугушуп, мейманканалар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы вакф жетекчилигинен доктор Абдулатиф Балту жана шейх Адбулхафиз  менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдагы кыргызстандык ажыларды мейманкана менен камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, КМДБ тарабынан бир катар каттар тапшырылды.

«2023-жылдагы ажылык мезгилинде Мекке шаарындагы жатаканалардын шарттары жакшы болду. Элибиз да ыраазы. Быйыл дагы кыргыз элине жакшы мейманканаларды тартуулайсыздар деген чоң үмүттөбүз»,-деди штаб жетекчиси Самидин кары Атабаев.

Ал эми вакф жетекчилиги ажылардын урматы үчүн САПтын ажылык министрлиги жана вакф жакшы мейманканаларды алууга аракет кылаарын билдирип, учурда 2024-жылдагы ажылыкка бардык даярдыктар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Учурда ыйык Меккедеги вакф жетекчилиги ажылыкка камылга көрүп жатабыз. Анткени быйыл ажылык министрлиги ажылык иштерин эрте баштап, визаларды март айында бере тургандыгы боюнча маалыматыбыз бар. Сиздердин катыңыздарды алдык. Катка жакынкы аралыкта жооп беребиз»,-деди шейх Адбулхафиз.

Муну менен катар тараптар мейманканалардагы тейлөөнү жакшыртуу, ажылар жайгашкан бөлмөлөрдө аба муздаткычтарынын болуусу жана шарттары туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.